Эл өкүлү: Президент “бийликти мактабагыла” деп абдан туура айтты — Кабар

Эл өкүлү: Президент “бийликти мактабагыла” деп абдан туура айтты

Элдик курултай 25 декабрь 2025 17:20
Эл өкүлү: Президент “бийликти мактабагыла” деп абдан туура айтты
copyright icon KABAR Кабар

Бишкек, 25.12.25 /Кабар/. Өлкө башчынын “бийликти мактабагыла” деген сөзү абдан туура болду. Бул тууралуу бүгүн IV Элдик курултайда Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева билдирди.

Анын айтымында, ар бир делегатка берилген убакытты эң маанилүү маселени көтөрүүгө колдонуу керек.

“Ар бир аймактан бирден делегат келген, анын артында бүтүндөй айыл өкмөтүнүн көйгөйү турат. Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү бул жерде отурушат. Ошондуктан делегат өз маселесин так айтып жеткирүүгө аракет кылышы керек. Бул убакытты бийликти мактап өткөрүү туура эмес. Президентке жетпей жүргөн жарандар канча. Ошондуктан өлкө башчы бул маселени туура көтөрдү”,- деди Сурабалдиева.