Эл аралык валюта фондунун миссиясы Кыргызстанга келди

Коом Загрузка... 27 Март 2025 18:04
WhatsApp Image 2025-03-27 at 14.57.37.jpeg
copyright icon Улуттук банк

Бишкек 27.03.25 /Кабар/. 12-марттан 26-мартка чейин өлкөгө Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) Макулдашуу статьяларынын IV статьясына ылайык консультацияларды өткөрүү үчүн Николоз Гигинеишвили баштаган ЭВФтин миссиясы расмий иш сапары менен келип кетти. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев Кыргызстандын атынан ЭВФте башкаруучу катары анын командасы менен жолугушууларды өткөрдү. Тараптар Улуттук банк тарабынан жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясаты, өлкөнүн финансы секторунун туруктуулугун камсыздоо маселелерин жана жалпы эле макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу чараларын талкуулашты.

Консультациялардын алкагында министрлер кабинетинин, Улуттук банктын жана башка уюмдардын өкүлдөрү ЭВФтин миссиясы менен жолугушуп, анын жүрүшүндө өлкөдөгү макроэкономикалык абал жана саясат чаралары талкууланды.

Талкууда ошондой эле Кыргызстан кирген ЭВФтин Швейцариялык добуш берүү тобунун өкүлү, ЭВФтин аткаруучу директору Патрик Лошевски мырза да катышты.