Эл аралык валюта фонду Кыргызстанга техникалык колдоо көрсөтүүгө даяр

Экономика Загрузка... 13 Март 2025 14:30
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon WWW

Бишкек, 13.03.25. /Кабар/.Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов Эл аралык валюта фонду миссиясынын башчысы Николоз Гигинеишвили жана фонддун өлкөдөгү туруктуу өкүлү Фарид Талышлы менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуу макроэкономикалык кырдаалды баалоого багытталган IV берене боюнча консультациялардын алкагында өттү.  

Жолугушуунун башкы максаты учурдагы экономикалык процесстерди талкуулоо, Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн талдоо жана туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу болду.

Тараптар фискалдык-бюджеттик саясат, инвестициялык климат, энергетикалык сектордогу реформалар жана коррупцияга каршы чаралар боюнча маселелерге өзгөчө көңүл бурушту.  

Жолугушуунун жыйынтыгында Чоро Сейитов Кыргызстан экономикасы өсүүнүн оң динамикасын сактап жатканын жана өкмөт макроэкономикалык туруктуулукту бекемдөө боюнча активдүү иш алып барып жатканын билдирди.

Өз кезегинде ЭВФ өкүлдөрү улантылып жаткан реформалардын маанилүүлүгүн баса белгилеп, өнүгүүнүн негизги багыттары боюнча техникалык колдоо көрсөтүүгө даяр экенин маалымдады.  

Белгилей кетсек, ЭВФ миссиясы "Кыргыз Республикасындагы потенциалдуу өндүрүш көлөмү", "Кыргыз Республикасындагы эмгек рыногу: көйгөйлөр жана саясаттагы реформалар", "Кыргыз Республикасы: мамлекеттик ишканалар менен байланышкан фискалдык тобокелдиктер" тууралуу аналитикалык материалдарды даярдады. Бул материалдар мындан аркы кызматташтыктын алкагында талкууланат.