Бишкек, 31.03.25. /Кабар/. Кыргызстанда 40 жаңы туристтик объект курулат. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов билдирди.
Экономика министринин биринчи орун басары Кыргызстанды 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасынын долбоору тууралуу айтып берди.
Анын айтымында, бул программанын негизги пункттарынын бири туризмди өнүктүрүү.
“Туризм тармагынын потенциалы чоң. Ар бир райондо, облуста туристтик объекттер курулат. Биз ИДПны 30 млрд долларга жеткирүү боюнча амбициялуу пландарды койдук. Биз инвестиция үчүн ачыкпыз жана ички бизнес чөйрөсүн, ошондой эле аймактык хабды өнүктүрүү багытын белгиледик. Хаб логистика, транспорт жана соода болуп саналат. Биз бүгүнкү күндө бул багытта активдүү иштеп жатабыз. Ал эми темир жолдун, Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушу бул максаттарды ишке ашырууга жардам берет”, - деди ал.