Эксперт: Кыргызстан экономикасын өнүктүрүп, коопсуздугун чыңдап жатат

Коом Загрузка... 16 Январь 2026 12:02
NazarNews_287483577236760881441008394202869626420.jpg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 16.01.26. /Кабар/. Экономикалык көрсөткүч, тышкы саясаттагы аброй жана коопсуздук мамлекеттин өнүгүү деңгээлин баалаган негизги критерийлер. Бул тууралуу саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, ушул үч багыт менен мамлекеттин өнүгүп жатканын же артка кеткенин бааласак болот.

“Турмуштук же теория жагынан алганда бир нерсеге баа берүү кыйын. Негизи объектини баалоодо дайыма өзүңдүн дараметиңе, билимиңе жараша баалайсың. Бул объект менен субъектин кошулган жери. Ал эми мамлекетти, бийликти баалоо өтө татаал нерсе. Кыргызстанды ушул үч критерий менен алып карасак, үч багытта тең өнүгүп, өсүп жатабыз”,- деди Акматалиев.