Эдил Байсалов Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Алтамаш Вазир Ханды кабыл алды

Саясат 1045 22 Ноябрь 2025 11:58
IMG_20251122_115326_107.jpg
IMG_20251122_115325_885.jpg
IMG_20251122_115325_817.jpg
IMG_20251122_115325_982.jpg
Алдыга
Артка
IMG_20251122_115326_107.jpg
IMG_20251122_115325_885.jpg
IMG_20251122_115325_817.jpg
IMG_20251122_115325_982.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 22.11.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Алтамаш Вазир Хан менен жолугушту.

Эдил Байсалов Алтамаш Вазир Ханды элчилик кызматка дайындалышы менен куттуктап, кыргыз-пакистан кызматташтыгын мындан ары да чыңдоого багытталган ишине ийгиликтерди каалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги алдыдагы иш-чаралар талкууланды.