Ысык-Көл, 05.09.26. /Кабар/. Кечээ, 4-сентябрда “Дордой-Номад“ этномаданий комплексинде VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулуп жаткан маданий иш-чаралар уланууда.
Маданият министрлигинен билдиришкендей, иш-чаранын жүрүшүндө ”Көчмөн жылдыз“ чыгармачылык сынагы өтүп, ага ар түрдүү өлкөлөрдөн келген таланттуу аткаруучулар катышууда. Катышуучулар өздөрүнүн музыкалык жөндөмдөрүн көрсөтүп, көрүүчүлөргө улуттук жана заманбап чыгармаларды тартуулашууда.
Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында мода көргөзмөсү уюштурулуп, анда улуттук колоритти камтыган заманбап кийим үлгүлөрү тартууланды. Дизайнерлер салттуу элементтерди заманбап мода менен айкалыштырып, улуттук маданияттын өзгөчөлүгүн чыгармачылык аркылуу көрсөтүштү.
Мындай маданий иш-чаралар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында элдердин ортосундагы маданий байланышты бекемдөөгө, улуттук баалуулуктарды жайылтууга жана чыгармачылык багыттагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.