Дүйнөлүк рынокто алтындын баасы тарыхый чекке жетти

Экономика Загрузка... 20 Март 2025 10:14
IMG_3483.webp
copyright icon www

Бишкек, 20.03.25. /Кабар/. Comex биржасында (Нью-Йорк соода биржасынын бөлүмү) 2025-жылдын апрель айында алтындын баасы эң жогорку чекке жетип, унциясы 3050 доллардан ашты. Бул тууралуу соода платформасынын маалыматында айтылды.

Ага ылайык, 19-мартта эртең менен баалуу металлдын баасы унциясы үчүн 3050,4 долларды (+0,32%) түздү.

Андан кийин алтындын баасы кайрадан өсүүсүн улантып, кыска мөөнөттүү өсүш басаңдоосунан кийин 3052,4 долларга (+0,38%) жеткен.