Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Көк бөрү боюнча мелдештер өтүүдө

Көчмөндөр оюндары-2026 2 сентябрь 2026 15:55

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 02.09.26 /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында учурда Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда көк бөрү боюнча мелдештер өтүүдө.

Мелдештин программасына ылайык, командалар төмөнкү тартипте күч сынашмакчы:

  • 15:00 — Өзбекстан – Россия;
  • 16:05 — Кыргызстан – АКШ;
  • 17:10 — Тажикстан – Венгрия.

Белгилей кетсек, көк бөрү — VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги спорттук дисциплиналарынын бири болуп саналат.

Эскертке кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы "Бишкек Арена" стадионунда орун алды. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.

"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.

"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.