Саламаттык сактоо тармагы эң эле оор жана татаал тармак экени белгилүү. Ооруканалардын, өзгөчө алыскы аймактардагы ФАПтардын, дарыгерлердин жетишсиздиги, медициналык жарак-жабдыктардын, дары-дармектердин таңсыктыгы эч кимге сыр эмес.
Адистер акыркы 5 жылда каржылоо жакшырганын айтышат. Салыштыруу иретинде айтсак:
- 2010-жылы — 5 млрд сом;
- 2015-жылы — 13 млрд сом;
- 2021-жылы — 26,3 млрд сом;
- 2025-жылы — 51,9 млрд сом бөлүнгөн.
Кымбат баалуу дары-дармектерди жана медициналык жабдыктарды сатып алууга бөлүнгөн каражат 2021-жылга караганда 14 эсе өскөн. Өткөн жыл ичинде 10 медициналык мекеменин курулушу бүтүп, 30дан ашык объект курулуп жатканы жарыяланган. Дагы бир чоң маселе — дарыгерлердин жетишсиздиги. Маянанын аздыгынан кыргыз медицинасынын келечеги болчу дарыгерлер жана шыктуу жаштар чет өлкөлөргө же жеке секторго кетишти. Мисалы, 2019-жылы үй-бүлөлүк дарыгерлердин 80%ы пенсия жашындагылар экени, ар бирине орточо үч жарым миң киши туура келери айтылган. Натыйжада өлкө боюнча 20 миңден ашык медицина кызматкерине муктаждык жаралды. Айлык демекчи, 2010-жылдары дарыгерлердин бир айлык маянасы 5 миң – 7 миң сомдун тегерегинде болгон. 2023–2025-жылдар аралыгында 24 миң – 40 миң сом алгандар бар. 2025-жылдын декабрында өткөн Элдик курултайда президент Садыр Жапаров медицина кызматкерлеринин айлыгы 100%га көтөрүлө турганын убадалаган. Жыйында делегаттар тарабынан түшкөн кайрылуулардын саны боюнча экинчи орунда дал ушул саламаттык сактоо тармагы турат.
Курултайдын делегаттары аймактарда оорукана, ФАП куруу зарылдыгын билдиришти
Элдик курултайда делегаттар тарабынан саламаттык сактоо тармагы боюнча жалпысынан 156 кайрылуу түшкөн. Алардын арасында Саламаттык сактоо министрлигине ыраазычылык каттар да бар. Кайрылууларда биринчи кезекте аймактарда саламаттык сактоо мекемелеринин инфратүзүмүн жакшыртуу маселеси көтөрүлүп, жалпысынан 70 кайрылуу курулуш маселеси боюнча болду. Бул келип түшкөн кайрылуулардын дээрлик 45%ын түзөт.
- Ош облусу боюнча келген кайрылуулардын 57%ы (42 кайрылуунун 24ү);
- Чүй облусу боюнча келген кайрылуулардын 52%ы (25 кайрылуунун 13ү);
- Баткен облусу боюнча келген кайрылуулардын 72%ы (18 кайрылуунун 13ү) курулуш маселеси боюнча.

Аймактарда тез жардам пункттарын ачуу, тез жардам автоунаалары менен камсыз кылуу жана медициналык кадрлардын жетишсиздиги маселелери боюнча 36 кайрылуу келген. Ошондой эле алыскы региондорду медициналык аппараттар менен камсыз кылуу, дарылоо иштеринин сапатын жогорулатуу, санитардык нормаларды сактоо, саламаттык сактоо мекемелеринде капиталдык ремонт жүргүзүү жана жеке менчик клиникалардын ишмердүүлүгү, гемодиализ кызматынын жеткиликтүүлүгү жана сапаты боюнча маселелер көтөрүлгөн.

Саламаттык сактоо министрлигинин Стратегиялык пландоо жана программаларды ишке ашыруу башкармалыгынын башкы адиси Жылдыз Акматова “Кабар” агенттигине делегаттардан түшкөн кайрылуулар боюнча маалымат берди.

“IV Элдик курултайда делегаттар тарабынан көтөрүлгөн маселелер — саламаттык сактоо мекемелерин куруу, капиталдык оңдоо, медициналык аппараттар менен камсыздоо, дарылоо иштери, санитардык нормаларды сактоо, жеке менчик клиникалар жана гемодиализ кызматтары — тармактык "Дени сак адам — өнүккөн өлкө" программасында каралган негизги багыттар менен шайкеш келет. Бул багыттар 2030-жылга чейин калктын ден соолугун чыңдоо, сапаттуу жана жеткиликтүү медициналык жардамды камсыз кылуу максатында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын негизин түзөт.
Атап айтканда, инфраструктураны жакшыртуу боюнча иштер жыл сайын республикалык бюджеттин каражаттары жана эл аралык өнөктөштөр тарабынан каржыланган долбоорлор аркылуу ишке ашырылууда. Мындан тышкары, медициналык жабдууларды жаңылоо, кадрларды даярдоо жана санариптештирүү багытындагы программалар да активдүү жүргүзүлүп, министрлик тарабынан алардын натыйжалуулугу системалуу түрдө көзөмөлгө алынууда.
Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан делегаттардын кайрылуулары каралып чыгып, тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөргө жана уюмдарга аткарууга жөнөтүлгөн. Учурда көтөрүлгөн маселелер боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп, алардын аткарылышы министрлик тарабынан көзөмөлгө алынган”, — деп билдирди министрликтин башкы адиси Жылдыз Акматова.