Ден соолуктун 15 пайызы гана медицинадан көз каранды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык улуттук институтунун директору, медицина илимдеринин доктору Жаркынбек Касымбеков “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.
Анын айтымында, акыркы беш жылда өлүмдүн жалпы деңгээли бирдей деңгээлде кармалууда.

Акыркы эки жылда турукташуу тенденциясы байкалып жатат, 2025-жылга карата жаңы маалыматтар азырынча жок, анткени жыл аяктай элек.
"2020-жылы өлүмдүн көрсөткүчү 6,1ге өскөн болсо, 2019-жылы 5,2, 2021-жылы - 5,8ди түзгөн. Анда баарыбызга белгилүү болгон “кара июль”, Кыргызстанга гана эмес олуттуу таасирин тийгизген. Ошондой эле дүйнөгө кулачын жайган коронавирус пандемиясы кээ бир системалуу нерселерди кайра карап чыгууга жана кайра баалоого мажбур кылды. Кандай гана учур болбосун, биз алдыга карай умтулуубуз кажет”, - деди ал.
Жаркынбек Касымбеков белгилегендей, 2023-2024-жылдарга карата өлүмдүн деңгээли 4,4 көрсөткүчтө сакталып турат, бирок өлкөдө балдардын өлүмүнүн өсүү тенденциясы байкалууда. Бул айрыкча эмдөө маселелерине байланыштуу. Анткени эмдөөдөн баш тарткандардын санынын көбөйүшү терс таасирин тийгизүүдө. Мунун баары бизде болгон көйгөйлөрдү көрсөтүп жатат.
Жалпысынан калктын ден соолугун ала турган болсок, анда 15%дан ашпаганы саламаттык сактоо системасынан, калганы жарандардын өздөрүнүн жашоо образынан, экологиянын жана жашаган жеринин абалынан, тамактануудан, тукум куучулук жана тышкы факторлордон көз каранды. Мамлекеттин бакубатчылыгына жараша бул пайыз 7-5%га чейин өзгөрүп турат.

"Биз оорулардын алдын алууга, адамдардын туура тамактануусуна, сергек жашоо образына, ден соолукту чыңдоого көбүрөөк көңүл бурушубуз керек. Экологиялык зыяндуу факторлорду кыскартууга, тамактануу маданиятына, жаратылыш менен гармонияда жашоого, саламаттык сактоо системасынын жеткиликтүүлүгүнө, сапаттуу тамактанууга, ичүүчү суунун сапатына көңүл бурушубуз керек жана бул багыттардагы иштерге басым жасоо зарыл”, - дейт ал.
Дарыгер белгилегендей, биринчи орунда кан айлануу системасынын оорулары жана жүрөк-кан тамыр оорулары турат. Бул стресс абал, туура эмес тамактануу, кыймылсыз жашоо образы, генетика сыяктуу көптөгөн факторлор менен байланыштуу.
Экинчи орунда - дем алуу, үчүнчү орунда - тамак сиңирүү органдарынын оорулары жана онкологиялык оорулардын тобу турат. Тактап айтканда, 3-4-орунду тамак сиңирүү органдарынын жана онкологиялык оорулар ээлегендиктен, мында үч оорунун тең эрте аныктоо маселеси турат.
Оору канчалык эрте аныкталса, анын өрчүшүн, татаалдашуусунун алдын алуу, толук айыгууга мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору болот. Ал гана эмес онкологиялык оорулар да эрте аныкталса, ооруну токтотуу, дарылоо, адамдын жашоо сапатын жана узактыгын арттырууга мүмкүн болот. Ошондуктан азыр скрининг системасы, диспансеризация, профилактикалык текшерүүлө жана изилдөөлөр мурункудан да маанилүү болууда.
Бийлик өкүлдөрү бул маселенин канчалык маанилүү экенин түшүнүшөт, эң башкысы - профилактикага өзгөчө көңүл буруу зарыл. Ошондуктан бул максатта кошумча 2 млрд сом бөлүнгөн. Бул каражаттар оорулардын кесепеттери менен эмес, алдын алуу үчүн күч-аракеттерди жумшап, керектүү каражаттарды жана кадрларды кайра даярдоого жумшалат.

“Мисалы, бөйрөк ооруларын алып карайлы. Алар акыры бөйрөк жетишсиздигине, гемодиализге жана бөйрөк алмаштыруу муктаждыгына алып келет. Карап көрсөк бир бөйрөккө операция жасап, аны дарылоо үчүн чоң суммада каражат кетет. Ал эми мындай оор абалга жеткирбей, оорунун алдын алсак, мындай чыгымдар болбойт эле.
Бул ошондой эле бейтаптардын эмгекке жарамдуулугу, жашоо сапатынын натыйжалуулугу тууралуу маселе. Эң негизгиси - ооруган адам бир гана үй-бүлөсүнө эмес, коомдун бир тар чөйрөсүнө жана саламаттык сактоо түзүмүнө билинбегини менен оорчулук алып келет. Ошондуктан ден соолугу чың, эмгекке жарамдуу калктын калың катмарын түзүү үчүн биз оорунун алдын алууга, дени сак жашоо образына көңүл бурушубуз керек”, - деди Коомдук саламаттыкты сактоо улуттук институтунун директору.