Дем алышта өлкө аймагында 8 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 9 февраль 2026 09:45
Дем алышта өлкө аймагында 8 өрт кырсыгы катталды
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 09.02.26. /Кабар/. Кыргызстанда дем алышта 8 өрт кырсыгы катталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:

  • Бишкек шаарында – 2;
  • Жалал-Абад облусунда – 1;
  • Ош облусунда – 1;
  • Баткен облусунда – 2;
  • Нарын облусунда – 1;
  • Чүй облусунда – 1.

Тилсиз жоону өчүрүүгө 9 күжүрмөн эсеп тартылган. Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болду.