Делегат айыл өкмөттөрдүн ишин күчтөндүрүүгө чакырды

Элдик курултай Загрузка... 26 Декабрь 2025 11:38
2.jpg
copyright icon Кабар

Бишкек, 26.12.25. /Кабар/. IV Элдик курултайдын жүрүшүндө Панфилов районунан келген делегат Сатбай Сүйүналиев жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, өзгөчө айыл өкмөттөрүн чыңдоого чакырды.

Анын айтымында, азыркы тапта айыл өкмөт башчылары өтө татаал шарттарда иштөөгө мажбур болушууда, анткени жер-жерлердеги мамлекеттик система иш жүзүндө өзгөрбөй жатат, бул болсо реформаларды жүргүзүүнү кыйындатууда.

"Кадр тартыштыгы маселеси өтө курч турат. Айлык акынын аздыгынан жаш адистер башка жумуштарды тандап, ал эми кадрдык резерв дээрлик жок. Кызматкерлердин айлыгы 11 миңден 27 миң сомго чейин гана, ошол эле учурда жумуштун көлөмү өтө чоң. Расмий түрдө айыл өкмөтүнүн милдетине 27 багыт кирсе, иш жүзүндө алар 50 багыт боюнча иштеп жатышат. Он алты министрлик өз функцияларынын бир бөлүгүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөп коюшкан", — деп белгиледи делегат.

Ал Конституциялык мыйзамдын 114-беренесинин 2-бөлүгүндө мамлекеттик ыйгарым укуктар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына зарыл болгон материалдык, финансылык жана башка ресурстар берилген учурда гана өткөрүлүп берилери жазылганын эске салды.

"Бүгүнкү күндө бул талапты Улуттук статистика комитети гана толук кандуу аткарып жатат", — деп баса белгиледи Сүйүналиев.

Мындан тышкары, ал административдик-аймактык реформадан кийин бир катар айыл өкмөттөрү бириктирилип, натыйжада иш жүктөмү эки эсе көбөйгөнүн, бирок кызматкерлердин штаттык саны өзгөрүүсүз калганын айтты. Кадрлардын туруксуздугу, текшерүүлөрдүн көптүгү жана көптөгөн айыл өкмөттөрүнүн дотацияда экендиги абалды андан ары татаалдаштырууда.

Ошондой эле делегат мурда муниципалдык кызматкер статусуна ээ болгон айыл өкмөт кызматкерлери келишимдик негизге өткөрүлгөнүнө көңүл бурду. "Аларга мурдагы статусун кайтарып берүү зарыл. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында зарыл болгон имараттар жана техникалар да жетишсиз", — деди ал.

Сөзүнүн аягында делегат айыл өкмөттөрүнүн штатын күчтөндүрүүгө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын натыйжалуу иштеши үчүн шарттарды түзүүгө чакырды.