Данияр Мелисов дзюдо боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиону болду

Спорт

Алдыга
Артка

copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 21.11.26 /Кабар/. Кыргызстандык дзюдочу Данияр Мелисов Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп жаткан 21 жашка чейинки спортчулар арасындагы дүйнө чемпионатында алтын медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мекендешибиз 90 кг чейинки салмак ченинде күч сынашып, Литва, Италия, Украина, Египет жана Грузиянын спортчуларын жеңип, финалга чыккан. Ал эми чечүүчү беттеште түркиялык дзюдочуну утуп, дүйнө чемпиону аталды.

Белгилей кетсек, бул Кыргызстандын куржунундагы аталган дүйнө чемпионатындагы экинчи медаль болду. Буга чейин кыз-келиндер арасында 57 кг чейинки салмак ченинде Жанар Жолдошева күмүш медаль жеңген.