Бишкек, 25.08.26. /Кабар/. Чүй облусундагы таштанды төгүлүүчү жайларда топтолгон калдыктарды Бишкектеги таштанды кайра иштетүүчү заводго жеткирүү мүмкүнчүлүгү талкууланды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиригкендей, жолугушууга жергиликтүү бийлик органдарынын, таштанды кайра иштетүүчү заводдун жана санитардык полигондун өкүлдөрү катышты.
Анда таштандынын көлөмү, логистика, ташып жеткирүүнүн чыгымдары, иргөө жана кайра иштетүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Маалыматка ылайык, Бишкектеги завод 2028-2029-жылдары өндүрүштүк кубаттуулугун суткасына 3000 тоннага чейин көбөйтүүнү пландоодо. Учурда завод суткасына 1300-1500 тоннага чейин таштанды иштетүүгө жөндөмдүү.
"Бул ыкманы ишке ашыруу Чүйдөгү стихиялуу таштанды төгүүчү жайлардын санын азайтып, калктуу конуштардын санитардык-экологиялык абалын жакшыртууга жана айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирди азайтууга шарт түзөт", - деп айтылат маалыматта.
Министрлик ошондой эле таштанды төгүлүүчү жайларды долбоорлоо, эксплуатациялоо жана рекультивациялоо боюнча жаңы техникалык ченем кабыл алынганын белгиледи. Ал министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген.