Чүйдөгү жол кырсыгы: Эки адам каза болуп, экөө ооруканага түштү

Кырсык Загрузка... 02 Март 2026 12:15
WhatsApp Image 2026-03-02 at 12.33.20.jpeg

Бишкек, 02.03.26. /Кабар/. Чүйдө жол кырсыгы катталып, эки адам каза тапты. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-март күнү саат 16:30 чамасында “Бишкек—Нарын—Торугарт” айланма унаа жолунун 100-чакырымында “Хюндай Соната LF” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу чыгыштан батышты көздөй баратып, “Ниссан Сирена” унаасын ашып өтүүгө аракет кылган. Натыйжада ал карама-каршы тилкеге чыгып, каршы багытта келе жаткан “Ауди С4” үлгүсүндөгү унаа менен кагылышкан.

Кырсыктын кесепетинен “Ауди С4” унаасынын 68 жаштагы жүргүнчүсү алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми аталган унаанын 75 жаштагы айдоочусу аймактык ооруканага жетпей жолдон көз жумган.

Мындан тышкары, “Хюндай Соната” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү Кемин районунун аймактык ооруканасына жеткирилген.

Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, кырсыктын себептери толук изилденүүдө.