Чүй району таштандыны кайра иштетүүчү заводго муктаж – делегат

Элдик курултай Загрузка... 26 Декабрь 2025 12:01
WhatsApp Image 2025-12-26 at 11.31.42.jpeg
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 26.12.25. /Кабар/. Чүй району таштандыны кайра иштетүүчү заводго муктаж. Бул тууралуу Чүй районунан келген делегат Айнура Турдубекова Элдик курултайда билдирди.

Анын айтымында, райондогу Сайлык айылы таштандыга көмүлө турган абалга келип калган.

Андан тышкары, тоо арасында жайгашкан Арпа-Тектир айылына баруучу жол Советтер союзу учурунан бери каралбай калганын, эл айтканы менен эч жыйынтык жок болуп жатканын маалымдады.

“Чүй районунданы Виноградное, Маданият, Арал, Чапай, Садовое айылдары мектеп, бала бакчага муктаж. Кийинки маселе 2000-жылдан бери Совет айылында таза суу көйгөйү чечилбей келет. Балдардын ден соолугуна коркунуч туудуруп, эл ылай суу ичип келет.

Алга, Алтын-Күз айылы менен Токмок шаарын бириктирген жолдун начардыгынан коомдук унаа жүрбөй, окуучулар 3 чакырым жолду жөө басып мектепке барышат. Жолдо балдар үчүн кооптуу жагдайлар арбын, жолду оңдоп коомдук унаа жүргүзүп берүүңүздөрдү сурайбыз”,- деди делегат.