Жазгы талаа иштери: Чүй облусу үрөн менен 95% камсыз болду

Коом Загрузка... 18 Февраль 2026 15:12
img-49418-21078.jpg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.02.26. /Кабар/. Үрөн менен камсыздоо багытында 2026-жылга 24 миң 907 тонна дан өсүмдүктөрдүн үрөнү керектелет. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Санжар Жантаев облустук жыйындын жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата 23 миң 704 тонна үрөн топтолуп, камсыздоо 95,2 % түздү.

Ал эми сулуу, чанак-туулар өсүмдүктөрү 100 % камсыздалган. Жетпеген үрөндөр дотация аркылуу жана үрөн чарбаларда эркин сатууга коюлган үрөндөр менен камсыздалары маалымдалды.