Чүй облусу Кырчында 15 боз үй тигип, көп улуттуу элдин маданиятын көрсөтүүдө

Көчмөндөр оюндары-2026 2 сентябрь 2026 15:00
Чүй облусу Кырчында 15 боз үй тигип, көп улуттуу элдин маданиятын көрсөтүүдө
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 02.09.26 /Кабар/. Кырчын жайлоосунда өтүп жаткан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Чүй облусунун этно ордосунда 15 боз үй тигилип, анда аймактагы көп улуттуу элдин маданияты, каада-салты жана кол өнөрчүлүгү көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Гүлмира Кыштообаева билдирди.

Анын айтымында, Чүй облусунун этно ордосунда күнүгө маданий иш-чаралар өткөрүлүп, конокторго улуттук тамак-аштар, кол өнөрчүлүк буюмдары жана маданий мурастар тааныштырылууда.

“Чүй облусу көп улуттуу аймак. Ошондуктан этноордодо ар бир улуттун каада-салты, кол өнөрчүлүгү жана маданий мурасы көрсөтүлүп, чет өлкөлүк конокторго тааныштырылууда”,— деди ал.

Ошондой эле “Биримдик кербени” үчүн Чүй облусунан 8 боз үй тигилген.

Гүлмира Кыштообаева белгилегендей, Чүй облусунун маданият кызматкерлери этно базарда, сынактарда жана расмий маданий иш-чараларда да активдүү катышууда.

“Бүгүнкү күндө элдин маанайы абдан сонун. Бул дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чарага катышып, келген коноктордун маанайын көтөрүүгө аракет кылып жатабыз”, — деди ал.

Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы "Бишкек Арена" стадионунда орун алды. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.

"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.

"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.