Бишкек, 09.05.25. /Кабар/. Чет мамлекеттердин лидерлери президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдык мааракеси менен куттуктады.
Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин куттуктоосу

«Биздин өлкөлөрүбүздө биз согуш талаасында теңдешсиз эрдиктери жана тылдагы жан аябас эмгеги менен нацисттик баскынчыларды талкалоого мүмкүндүк бергендердин элесин ыйык тутуп, урматтайбыз. Жеңүүчүлөрдүн мууну бизге мурас кылып калтырган достуктун жана өз ара жардамдын жакшы салттары биздин мамлекеттердин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн жана союздаштык мамилелердин өнүгүүсү үчүн ар дайым бекем негиз катары кызмат кылат деп ишенем», - деп айтылат Владимир Путиндин куттуктоосунда.
Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин куттуктоосу

«Бул улуу майрам бир тууган элдерибиздин кажыбас кайраттуулугунун жана өчпөс эрдигинин, тынчтык, бейпилдик жана эркиндик үчүн баатырдык күрөшүнүн жаркын символу болуп саналат.
Мен Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы түбөлүк достук жана ынак коңшулук принциптерине негизделген стратегиялык өнөктөштүк жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын жана бардык макулдашууларды ишке ашыруунун аркасында, албетте, жаңы деңгээлге чыгаарына ишенем», — деп айтылат Шавкат Мирзиёевдин куттуктоо катында.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин куттуктоосу

«Бул тарыхый дата – эркиндикти жана көз карандысыздыкты коргогон бардык элдердин чыныгы баатырдыгынын, майтарылбас эркинин жана өз жанын аябоочулугунун символу.
Жеңгендердин болуп көрбөгөндөй эрдиги урпактардын жүрөгүндө жашайт жана келечек муундарга адеп-ахлактык жол көрсөткүч катары кызмат кылат.
Адамзаттын тарыхындагы эң кандуу согуштун эң оор сыноолорун башынан өткөргөн элдерибиздин ортосундагы кылымдардан бери келе жаткан достук байланыштар мындан ары да чыңдала берерине, Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн жана союздаштыктын бекем пайдубалы катары каларына ишенем», - деп айтылат Касым-Жомарт Токаевдин куттуктоо катында.
Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун куттуктоосу

«Ушул өзгөчө маанилүү күнү биз келечек муундардын бейпил жашоосу жана бүткүл адамзаттын бактылуу келечеги үчүн тайманбастан салгылашкандардын, ошондой эле өздөрүнүн талыкпаган жана жан аябас эмгеги менен жаркын Жеңиш күнүн жакындаткан тыл эмгекчилеринин ысымдарын өзгөчө ыраазычылык жана сыймыктануу менен эскеребиз.
Ата-бабаларыбыздын эрдиктери менен баатырдыгын түбөлүккө эске сактоо өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук жана ар тараптуу кызматташтык мамилелерди мындан ары да чыңдоо үчүн бекем пайдубал болуп кала берет деп ишенем», - деп айтылат Сердар Бердымухамедовдун куттуктоо катында.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун куттуктоосу

«Бул күн, арадан ондогон жылдар өтсө дагы, биримдиктин, тилектештиктин жана оор сыноолордо туруктуулуктун үлгүсү иретинде өлкөлөрүбүздү жана элдерибизди жакындаткан маанилүү тарыхый окуялардын катарында турат. Улуу Жеңиштин элеси муундан муунга өтүп, бизди жаңы маанилүү жетишкендиктерге шыктандырып келет.
Улуу Ата Мекендик согуштагы жалпы жеңиштин кебелбес духуна негизделген жалпы тарыхый мурас мындан ары да биздин өлкөлөр менен элдерибиздин бакубаттуулугу жана гармониялуу өнүгүүсү үчүн достук жана жемиштүү кызматташтык мамилелеринин бекем пайдубалы катары кызмат кыла берерине ишенем», - деп айтылат Эмомали Рахмондун куттуктоо телеграммасында.
Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин куттуктоосу

«Бул дата биздин элдерибиздин даңктуу жылбаянына оор согуш жылдарында фронтто жана тылда көрсөтүлгөн улуу эрдиктин, кайраттуулуктун жана болуп көрбөгөндөй баатырдыктын символу катары түбөлүккө кирди. Фронттук жоокерлердин, биздин мекенибиздин эркиндигин жана көз карандысыздыгын коргогон бардык адамдардын эрдиги жана кайраты ар дайым жүрөгүбүздө жашай берет.
Согуш жылдарындагы катаал сыноолорду башынан кечирген элдерибиздин достугу жана биримдиги мындан ары да Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү жана чыңдоо үчүн бекем негиз болуп кала берерине ишенем», — деп айтылат Ильхам Алиевдин куттуктоосунда.
Беларусь президенти Александр Лукашенконун куттуктоосу

«Биз ушул даңазалуу күнү жоокерлердин теңдешсиз баатырдыгы жана тыл эмгекчилеринин эбегейсиз аракети менен келечек муундардын жашоо жана эркиндик укугун коргогон көп улуттуу совет элинин улуу эрдигин даңазалайбыз.
Биздин жалпы тарыхыбыздын жана Улуу Жеңиштин элеси, достук жана өз ара колдоо мындан ары да өлкөлөрүбүздүн ортосундагы жемиштүү кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн ишенимдүү пайдубал катары кызмат кыла берет деп ишенем», - деп айтылат Александр Лукашенконун куттуктоо телеграммасында.
Сауд Аравия Королдугунун Королу Салман бин Абдулазиз Аль Сауддун куттуктоосу

«Улуу Даражалууга чын жүрөктөн куттуктоо сөздөрүбүздү жана эң жакшы тилектерибизди канааттануу менен жолдойбуз, ден соолук жана бакыт, ал эми Кыргызстандын Өкмөтүнө жана боордош элине мындан аркы өнүгүү жана гүлдөп-өсүүнү каалайбыз», - деп айтылат.
Сауд Аравиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салман бин Абдулазиз Аль Сауд да өзүнүн куттуктоосун жолдоду.
Түркмөнстан Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедовдун куттуктоосу

«Жеңиш күнү - тынчтыкта жанаша жашоонун, ак ниеттүүлүктүн жана гуманизмдин идеясын жар салган жаркын майрам. Бул тарыхый күн элдердин кебелбес руханий биримдигинин, ошондой эле өз өмүрүн кыюу менен жер бетинде тынчтыкты коргогон адамдардын баатырдыгынын, эрдигинин, кайраттуулугунун жана эр жүрөктүүлүгүнүн символу болуп кала берет», - деп айтылат Гурбангулы Бердымухамедовдун куттуктоо телеграммасында.