Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги "Мекеним 1+1” пилоттук долбоорун туруктуу негизде ишке ашырууну көздөйт. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" долбоорунун алкагында “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, мында чет өлкөдө иштеп каражат топтоп келген жарандын акчасынын үстүнө мамлекет ошончо суммада акча кошуп берип, ишкердигин колдоп берет.
“Мисал катары айтсам, Баткенде бир жараныбыз Англияга барып иштеп каражат топтоп келип, ушул долбоордун алкагында мамлекеттен кошумча каражат алып, кофекана ачты. Мында кошумча иш орундары пайда болуп, салык төлөнүп жатат. Бул чет өлкөдө иштеп келген мекендештерибизге чоң колдоо.
Негизи 5-6 жыл мурда биз жумушчуларды экспорттоочу өлкө болсок, учурда кабыл алуучу өлкөгө айлана баштадык. Демек, экономикабыз өсүп жатат деген белгинин бири. Биздин мигрант болуп кеткен мекендештерибиз өлкөгө кайтып, мамлекетибиздин өнүгүшүнө салым кошсун деген ниетибиз бар жана бул маселенин үстүндө иштеп жатабыз. Дагы бир маанилүү долбоор мигранттар үчүн ыңгайлуу шарттары менен ипотекалык насыя каралган”, - деди министр.
Ал ошондой эле миграция бул глобалдык тирүү процесс экендигин жана дүйнө жүзүндө миграция маселеси жаралбаган мамлекеттер жокко эсе экендигин кошумчалады.