Бишкек, 14.10.26. /Кабар/. Алай районунун тургуну Муса Айдаровдун уулу жети жылдык кезектен кийин Бишкектеги “Мурас” турак жай комплексинен батир алды.
Бул тууралуу ал "Кабар" агенттигине турак жай комплексиндеги батирлерди тапшыруу аземинде билдирди.
Анын айтымында, уулу чек ара кызматында эмгектенет жана турак жай алуу үчүн кезекте жети жыл турган.
“Уулумдун кезеги жетип, бүгүн үй алып отурат. Буга чексиз сүйүнүп турабыз. Президентке, өкмөт башчыларына жана куруучуларга ыраазычылык билдиребиз”, — деди ал.