Бишкек, 10.04.26. /Кабар/. 8-9-апрелде май-канат (сиг-лудога) балыгынын жалпы 1 млн 800 миң даана чабагы үч көлгө коё берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага “Соң-Көл балык чарбасы” мамлекеттик ишканасынын жана Балык өнөр жайы комплекси департаментинин штаттан тышкары кызматкерлери катышты.
- Соң-Көл көлүнө - 800 миң даана,
- Чоң Ара-Көл көлүнө - 500 миң даана,
- Кичи Ара-Көл көлүнө - 500 миң даана.
Министрликтен белгилешкендей, чабактар көлдөрдөгү балык запастарын көбөйтүү, биологиялык тең салмактуулукту сактоо жана балык чарбасын туруктуу өнүктүрүү максатында коё берилди.