Бишкек, 16.01.26. /Кабар/. Мамлекеттик бюджетте каражат жетиштүү болгон үчүн айлыктар көтөрүлүп жатат. Бул тууралуу Экономика илимдеринин доктору Азисбек Бексултанов “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.
Анын айтымында, өлкөдөгү чакан жана орто ишкердиктин өнүгүшү, ири ишканалардын ишке кириши бюджеттин өсүшүнө өбөлгө болууда.
“Мугалимдер, медицина кызматкерлери сыяктуу мамлекеттик мекемелерде иштеп жаткан кызматкерлердин эмгек акылары мамлекеттик бюджеттен каржыланат. Быйыл бул кесиптин ээлеринин эмгек акылары 100 пайыз жогорулай турганы маалым болду. Мында негизги базалык маяна, андан кийин ага жараша кошумча төлөмдөр көбөйөт. Ошондо президент, өкмөт башчы айткан маянаны биздин кызматкерлер колдоруна алышат.
Негизинен мамлекеттик бюджетте акча болгондуктан, ушундай кадамдар жасалып жатат. Акыркы жылдары чакан ишкердик, өзгөчө эки өлкөнүн ортосунда ачылып жаткан ишканалар көп байкалууда. Алар да мамлекеттик бюджеттин өсүшүнө чоң жакшы таасир берүүдө”,- деди Бексултанов.
Андан тышкары, өлкөдө салык мыйзамдары, салыкчылар да жакшы иштеп жаткандыктан, салыктар жакшы жыйналып жатканы кошумчаланды.
Эскерте кетсек, Бишкекте өткөн IV Элдик курултайда президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 1-апрелинен тартып мугалимдердин жана медицина кызматкерлеринин айлыгы дагы бир ирет 100 пайыз көтөрүлө тургандыгын айткан.