Былтыр өлкө боюнча 25,5 млн баш мал ветеринардык кароодон өткөрүлдү

Коом Загрузка... 12 Январь 2026 15:45
WhatsApp Image 2026-01-12 at 15.03.05.jpeg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 12.01.26. /Кабар/. Республика боюнча 2025-жылдын ичинде жалпы 25 млн 546 миң баш мал ветеринардык кароодон өткөрүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директорунун орун басары Бакыт Шарапов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, мунун ичинен 23 млн 537 миң эмдөөлөр болсо, 12 млн 17 миң башка диагностикалык изилдөөлөр өткөрүлгөн. Андан сырткары, 738 миң башка мите курттардан арылууга эмдөө жүргүзүлгөнү кошумчаланды.

“Өткөн жылга белгиленген план 104 пайызга аткарылды. Жалпы иш-чараларга мамлекет тарабынан каражат бөлүнүп, негизинен 9 ооруга каршы вакциналар алынат. Алар шарп, сибирь жарасы, кутурма, кой-эчкилердин күл ылаңы, койлордун кыргыны, бруцеллез жана башкалар. Ушул дары-дармектерди алып берүүгө мурда мамлекет тарабынан каражат жетишсиз бөлүнүп келсе, учурда өз убагында акча бөлүнүүдө. Мурда жылына 86-87 млн сомдун тегерегинде бөлүнүп келсе, өткөн жылы 261 млн сомдон ашуун каражат бөлүнгөн. Өткөн жылдын күз жана быйылкы жылдын жаз мезгилдеринде жүргүзүлчү ветеринардык иш-чараларга толугу менен дары-дармектер алынып, райондорго жеткирилип берилген. Февраль айынан баштап түштүк региондо, андан кийин март-апрелде түндүк аймакта ветеринардык иш-чаралар толук кандуу жүргүзүлүп баштайт”, - деди Шарапов.

Мал-жандыктардын арасында жугуштуу оорулар тарап кетпөөсү үчүн мал базарларда адистер тарабынан тыкыр көзөмөл жүргүзүлүп жатканын ал өз сөзүндө белгиледи.

“Мал базарга кирген малдар да, мал союучу жайга келгендер дагы ветеринарлар тарабынан көзөмөлдөнүп турат. Ар бир кардар эт алардын алдында сатуучудан ветеринардык көзөмөлдөн өткөндүгү жөнүндө сертификатын сураса болот”, - дейт аталган кызматтын директорунун орун басары.