Былтыр ЕАЭБ өлкөлөрү менен товар жүгүртүү $6,8 млрд жакындаган

Экономика
Былтыр ЕАЭБ өлкөлөрү менен товар жүгүртүү $6,8 млрд жакындаган

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.11.26. /Кабар/. Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттер менен товар жүгүртүүсү 2025-жылы 6,8 миллиард долларга жакындады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында маалымдады.

Анын айтымында, өлкөнүн ЕАЭБдин алкагындагы соода-экономикалык байланыштары кеңейүүдө. Биримдиктин бирдиктүү рыногун пайдалануу менен айыл чарба, тамак-аш жана жеңил өнөр жай продукцияларынын экспорту көбөйтүлүүдө.

Ошондой эле 2025-жылы чакан жана орто ишкерликтин 147 субъектине 482,5 миллион сом жеңилдетилген насылар берилген. "Кепилдик фонд" аркылуу 3,8 миллиард сомдон ашык суммага 1656 кепилдик берилген.

Мындан тышкары, 2026–2030-жылдарга карата мамлекеттик программанын алкагында ишкерлерге жылдык 6%, тигүү тармагына 0% менен насыялар берилүүдө. Бул каражаттардын 60%ы аймактарга, 30%ы аялдардын ишкерлигин колдоого багытталат.

Ошондой эле ишкердикке уруксат берүүчү документтердин түрлөрү 905тен 439га чейин кыскартылган.

Министрлер кабинетинин төрагасы салыктык жүктү азайтуу боюнча көрүлгөн чараларга да токтолду.

Анын маалыматына караганда, 2025-жылдын 1-январынан тартып транспорт каражаттарына салынуучу мүлк салыгы жоюлган. Мындан тышкары, товарлардын бардык түрлөрү үчүн электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарын колдонуу токтотулган. Бул чара мунай заттарына, алкоголдук жана тамеки продукцияларына тиешелүү эмес.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 14,1 миллиард сомду түзүп, 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 16,6%га көбөйгөн.