Быйыл Жалал-Абад шаарына жазы жалбырактуу 3 миң көчөт отургузулат

Аймак 27 Март 2025 13:06
482082259_1432779434370494_4009560257042821339_n.jpg
481709401_1432779527703818_4173935866934311832_n.jpg
485106445_1432779764370461_6072094910117177177_n.jpg
485111814_1432779111037193_8802395392472820237_n.jpg
485351933_1432779694370468_2963279787444466433_n.jpg
485391907_1432779481037156_4186480887814909762_n.jpg
485892554_1432779571037147_5415783851826252405_n.jpg
485954548_1432779174370520_2482607582106510894_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жалал-Абад шаарынын мэриясы

Бишкек 27.03.25 /Кабар/. Быйыл Жалал-Абад шаарына жазы жалбырактуу 3 миң көчөт отургузулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Күн мурун шаар мэри Эрнисбек Ормоков президенттин "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүнүн алкагында Көк-Арт кичи районундагы Фабричный көчөсүндө көчөт отургузууга катышты.

Шаар башчысы Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарбасынын жетекчисине көчөттөрдү батыраак эгип, алардын куурап калуусунун алдын алуу боюнча алгылыктуу иш алып баруу тапшырмасын берди.

Белгилей кетсек, 2025-жылы Жалал-Абад шаарынын аймагына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 3 миң түп жазы жалбырактуу (каштан, чынар, эмен) дарактардын көчөтүн отургузуу пландалган. Учурда анын 50%ы отургузулду.