Бишкек, 13.02.26. /Кабар/. 2025-жылы президент Садыр Жапаров тарабынан Бишкекте 20 мектеп, Ош шаарында 10 мектеп, ал эми Манас шаарында 6 мектеп куруу тапшырмасы коюлган. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, ошол учурдан тартып даярдыктар көрүлүп, алгач Бишкек шаарында 20 мектептин курулушуна старт берилди.
“Азыр учурда бардык жерде мектептердин курулуш иштери башталды. Долбоорлорду чийүү боюнча параллелдүү түрдө иш алып барып, курулушун жүргүзүп жатабыз. Подряддык уюмдардын баардыгын аныктадык. Президенттин тапшырмасына ылайык, ыкчам түрдө быйылкы 1-сентябрь билим күнүнө карата курулушту толук бүтүргөнгө болгон аракетибизди жумшайбыз. Негизинен булар 500 орундан баштап, 1200 орунга чейинки курула турган мектептер болуп саналат”,- деди Иманакун уулу.