Быйыл президенттин Иш башкармалыгына 10 жаңы мекеме кошулду

Коом
Быйыл президенттин Иш башкармалыгына 10 жаңы мекеме кошулду
copyright icon Президенттин Иш башкармалыгы

Бишкек, 25.11.26 /Кабар/. 2026-жылы президенттин Иш башкармалыгынын түзүмүнө 10 жаңы мекеме кошулуп, ведомстволук уюмдардын жалпы саны 43кө жетти. Бул тууралуу аталган мекеменин коллегиялык жыйынында белгилүү болду.

Иш башкармалыктын башчысы Каныбек Туманбаевдин төрагалыгы алдында өткөн жыйында ведомстволук мекеме-ишканалардын финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугу жогорулап, оң динамика байкалып жатканы белгиленди.

Ошондой эле жыйындын соңунда ведомстволук уюмдардын жетекчилерине ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу, финансылык тартипти бекемдөө жана башкаруу процесстеринин ачыктыгын камсыз кылуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.