Бишкек, 03.02.26. /Кабар/. “Кыргызтест” мамлекеттик мекемеси быйылкы жылдан тартып, англис тилинен ITEP жана TOEFL тесттерин ала баштайт. Бул тууралуу “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Ставинская “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, “Кыргызтест” үчүн эл аралык тест уюму менен келишим түзүү, алардын баамына татуу жана ишенимин арттыруу бул абдан чоң кадам болду.
“Өлкөдө эл аралык компьютердик тест пункту ишке кирди. Биздин система башынан эле компьютердик нукта уюштурулуп, эл аралык стандартка дал келгендиктен бүгүнкү күндө жемишин көрүп жатабыз. Атап айтсак, бул эл аралык деңгээлдеги тестти өнөктөш катары берүүдө алар бардык тартипти карап чыгышып, ошол тартипти толук аткарууга шарт коюшат экен. Биз 2026 - жылдан баштап, англис тилинен ITEP тест жана TOEFL тест ала баштайбыз. Ал эми жакынкы арада БУУда кабыл алынган 6 тилдин бардыгынан тесттерди киргизгенге аракет кылабыз”,- деди ал.
Ошондой эле негизги стратегиялык өнөктөштөрү болгон корей, япон, түрк, араб тилдеринен дагы тесттер киргизилери кошумчаланды.