Бишкек, 26.02.26. /Кабар/. Мамлекеттик ипотекалык компания 2026-жылы Кыргызстан боюнча 20 миңден ашык батирди жарандарга берүүнү пландоодо. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын сатуулар башкармалыгынын башчысы Кылычбек Келдибеков “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө МИКтин аталган “Менин үйүм” программасынын алкагында өлкөдө жалпы 80 миңден ашык батирдин курулушу жүрүп жатат.
“Аймактарга токтоло кетсем, жарандардын кезекке турганына жараша батирлердин курулуш иштери жүрүп жатат. Мисалы, учурда Чүй облусунда 22 миңден ашык батир курулууда. Жалал-Абад облусунда 12 миңден ашык, ал эми Баткен облусунда 7 миңден ашык батир курулуп жатат. Жалпысынан өлкөбүздүн жети дубанында тең курулуш иштери жогорку темпте жүрүүдө. Кезекке турган жарандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарына туура келет”,- деди Келдибеков.
Ал ошондой эле быйыл, 2026-жылдын аягына чейин өлкө аймактарында кезекке турган жарандарга бериле турган батирлердин санын атады:
- Чүй облусунда - 3 миң 129 батир
- Жалал-Абад облусунда - 3 миң 219 батир
- Ысык-Көл облусунда - 2 миң 266 батир
- Нарын облусунда - 433 батир
- Талас облусунда - 319 батир
- Ош облусунда - 2 миң 912 батир
- Баткен облусунда - 1 миң 420 батир.