Быйыл коомдук транспортто 160 млн сом накталай эмес төлөм жүргүзүлгөн

Коом Загрузка... 29 Декабрь 2025 12:12
WhatsApp Image 2025-12-29 at 11.27.58 (1).jpeg
copyright icon Кабар Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 29.12.25. /Кабар/. 2025-жылы Бишкекте коомдук-муниципалдык транспортто жалпы 160 млн сом накталай эмес төлөм жүргүзүлгөн. Бул тууралуу “Тулпар” долбоорунун операциялык ишмердүүлүгү боюнча директору Бекжан Акматбеков “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2025-жылы “Тулпар” долбоорунун системасы туруктуу өсүш көрсөткөн.

“Бул сан өткөн 2024-жылдагы маалыматка караганда дээрлик 45 пайыга өстү. Өсүш негизги эки фактор менен байланыштуу болуп, биринчиси муниципалдык транспорттун көбөйүшү. Белгилүү болгондой, мэрия бул жылы кошумча автобустарды алып келген. Ошого валидаторлорду коюп, накталай эмес төлөмдөрдүн терминалдарын көбөйттүк. Экинчиси “Тулпар” долбоорунун алкагында накталай эмес системасынын туруктуу иштеши жана эл арасындагы QR-код менен төлөмдөрдүн өсүшү. Бул эки фактор эң негизги өсүштүн себеби деп айтсак болот”,- деди Акматбеков.

Белгилей кетсек, 2025-жылы накталай эмес төлөмдөр менен жүргүзүлгөн сапарлардын орточо бир айлык көрсөткүчү 13 млн 400 миң сомду түзгөндүгү маалымдалды.

“2025-жылы накталай эмес төлөмдөр менен жүргүзүлгөн сапарлардын орточо бир айлык көрсөткүчү 13 млн 400 миң сомду туздү. Бул күнүнө 440 миң сапар болуп, жол кирени шаардыктар накталай эмес төлөмдөр менен төлөштү. Анын ичинде транспорттук карталар, банк карталары, QR-код жана ошондой эле “Тулпар” тиркемеси менен төлөм жүргүзүлүүдө. Өзгөчө ушул жылдын октябрь айын белгилей кетсек, бул айда рекорддук көрсөткүч катталды. Коомдук транспортто 15 млн сомдон ашык накталай эмес төлөм жүргүзүлдү”,- деди ал.

Ошондой эле 2025-жылы коомдук транспортторго кошумча 322 валидатор коюлгандыгын жана анын ичинде 120 жаңы моделдеги валидаторлор коюлганы маалымдалды.