Бишкек, 16.10.25 /Кабар/. Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) жүргүзүп жаткан алты гуманитардык операция, анын ичинде Афганистан, Конго Демократиялык Республикасы (КДР) жана Судан жыл аягына чейин каржылоо тартыштыгынан улам азык-түлүк жеткирүүдө үзгүлтүккө учурашы мүмкүн экенин ТАСС агенттиги маалымдады.
ДАТП эскерткендей, “Азык-түлүк коопсуздугунун фазаларынын интеграцияланган классификациясы” эл аралык мониторинг системасына ылайык, жардамдын кыскарышы учурдагы 13,7 миллион азык-түлүк алуучуларды ачарчылыктын өзгөчө деңгээли же IPC-4 катары мүнөздөлгөн кырдаалга кептеши мүмкүн.
Бул адамдар туш болгон ачарчылыктын азыркы деңгээли кризис катары бааланууда (IPC-3).
Дүйнөлүк азык-түлүк программасы өзүнүн Афганистан, Конго Демократиялык Республикасы, Сомали, Судан жана Түштүк Судандагы операциялары олуттуу үзгүлтүккө учурап, жыл аягына чейин абал татаалдашарын эске салды.
Афганистанда азык-түлүк тартыштыгына туш болгон адамдардын 10 пайыздан азыраагы жардам алышат.
Конго Демократиялык Республикасында октябрь айында жардамдын көлөмү кыскарган: жардамды мурда пландаган 2,3 миллион адамдын ордуна 600 миң адам алышат, ошол эле учурда 2026-жылдын февралына чейин азык-түлүк жеткирүү таптакыр токтотулушу мүмкүн.
Гаитиде үй-бүлөлөр ай сайын стандарттуу тамактануу рационунун жарымын гана алышат.
Сомалиде жардам бир нече жолу кыскарган: 2024-жылдагы 2,2 миллионго салыштырмалуу ноябрда 350 миң адам камтылат.
Түштүк Суданда рацион азайып, октябрдан баштап кээ бир азыктар андан чыгарылат, анткени запастар азайып баратат. БУУ ДАТП ай сайын 4 миллион ачкачылыкка кабылган адамдарга колдоо көрсөтөт, бирок өлкөдө 25 миллион адам тамак-аштын жетишсиздигине туш болууда.
Дүйнөлүк ачарчылык рекорддук деңгээлге жетип, 319 миллион адам азык-түлүк тартыштыгын баштан кечирип жатканын, анын ичинде 44 миллион адам өзгөчө ачарчылык деңгээлинде (IPC-4) экенин БУУ ДАТП эске салды. Ошону менен бирге БУУ ДАТПнын ишин каржылоо менен байланышкан кырдаал эч качан мынчалык деңгээлде татаал болгон эмес. Уюм 2025-жылы 40 пайызга аз каржылоо алууну күтөт, 2024-жылдагы 10 миллиард долларга салыштырмалуу болжолдонгон бюджет 6,4 млрд долларды түзөт.
ДАТП дүйнөлүк азык-түлүк кризисине ийгиликтүү жооп кайтаруу биргелешкен аракеттери талап кылаарын белгиледи. Ошондой эле бардык кызыкдар тараптарды азык-түлүк коопсуздугу боюнча маанилүү программаларды колдоого үндөдү.