Борбор калаада футзал боюнча “Достук кубогу” турнири өттү

Спорт Загрузка... 18 Февраль 2025 14:49
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 18.02.25. /Кабар/. 14-16-февраль күндөрү «Газпром балдарга» дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде жыл сайын өткөрүлүүчү «Достук» кубогуна футзал боюнча турнир өттү.

Мэриядан билдиришкендей, турнирге дене тарбия жана спорт тармагында эмгектенген кызматкерлер катышты. Жалпысынан 7 облустун командалары жана Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаментинин командасы мелдешип, жалпысынан 100гө жакын адам катышты.

Турнирдин жыйынтыгында байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

1-орун – Чүй облусунун командасы;
2-орун – Ысык-Көл облусунун командасы;
3-орун – Нарын облусунун командасы.

Мындан тышкары, мелдеште мыкты оюнчулар ар кандай номинациялар боюнча сыйлыктар менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, бул турнир президенттин 2024–2034-жылдарга карата «Кыргыз Республикасында футболду мындан ары өнүктүрүү чаралары жөнүндө» жарлыгынын алкагында уюштурулду. Башкы максат – өлкөдө футболду өнүктүрүү, сергек жашоо образын жайылтуу жана аймактар ортосундагы байланышты чыңдоо.

Эске салсак, турнирди Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти уюштурду.