Чолпон-Ата, 31.07.26 /Кабар/. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Борбор Азия жана Азербайжан мамлекет башчыларынын бейформал консультативдик жолугушуусунда аймактык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана өз ара байланыштарды кеңейтүү маанилүү экенин белгиледи.
Анын айтымында, бейформал жолугушуу актуалдуу маселелерди талкуулоого жана көп тараптуу өнөктөштүктүн мындан аркы артыкчылыктуу багыттарын аныктоого жакшы мүмкүнчүлүк түзөт.
Токаев мамлекеттердин бардык деңгээлдеги байланыштары бир тууган элдердин бакубаттуулугу жана аймактын өнүгүүсү үчүн конструктивдүү кызматташууга болгон жалпы умтулуусун көрсөтүп жатканын айтты.
Ал Борбор Азия мамлекеттеринин XXI кылымда өнүгүү максатында достук, жакшы коңшулук жана кызматташтык тууралуу келишимге кол коюу жараяны аяктаганын маанилүү жетишкендик катары белгиледи.
“Бул тарыхый документ өз ара ишенимге, урматтоого жана бир тууган элдердин жалпы келечеги үчүн жоопкерчиликке негизделген аймактык кызматташтыктын саясий негизин түзүп, стратегиялык өнөктөштүгүбүздүн жаңы баскычын белгилейт”, — деди Казакстандын президенти.
Токаев Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовго аталган келишимге кошулгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, эми документтин жоболорун иш жүзүндө жүзөгө ашыруу зарыл экенин белгиледи. Ошол эле учурда узак мөөнөттүү кызматташууну бекемдөөгө багытталган иш-чаралардын планын иштеп чыгууну сунуштады.
Казакстандын президенти Борбор Азиядагы өз ара ишенимдин бекемделиши жана аймактык кызматташуунун өнүгүшү менен регион азыркы тарыхындагы эң ийгиликтүү мезгилдердин бирин баштан кечирип жатканын айтты.
Токаев Азербайжандын Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуу форматына толук кандуу катышуучу катары кошулуусу бул кызматташтык аянтчасынын өнүгүүсүндөгү жаңы этап болгонун белгиледи.
“Биргелешкен аракеттердин натыйжасында саясий диалогду тереңдетүүгө, инвестиция, энергетика, өнөр жай тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө жана бирдиктүү транспорттук-логистикалык системаны түзүүгө шарттар түзүлүүдө”, — деди Токаев.
Андан тышкары, акыркы жылдары аймак ичиндеги соода өсүп, ишкердик байланыштар кеңейип, биргелешкен ишканалар жана инвестициялык долбоорлор ишке ашырылып жатканын белгиледи. Ошондой эле маданий, билим берүү жана жаштар арасындагы байланыштар жаңы мазмун менен толукталып жатканын кошумчалады.
Касым-Жомарт Токаев Борбор Азиянын эл аралык аренадагы ролу күчөп жатканын белгилеп, Кыргызстандын 2027–2028-жылдары БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышын тарыхый жетишкендик катары баалады.
“Президент Садыр Жапаровду жана жалпы кыргыз элин ушул тарыхый жетишкендик менен куттуктайм”, — деди Казакстан президенти.
Ошондой эле Токаев өткөн жылы Ташкентте өткөн жолугушууда көтөрүлгөн демилгелер актуалдуу бойдон калып, аларды ишке ашыруу үчүн биргелешкен аракеттерди улантуу зарылдыгын белгиледи.
Сөзүнүн акырында Казакстан достукту, жакшы коңшулукту жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталган биргелешкен демилгелерди мындан ары да колдой турганын билдирди.