Бишкектин түштүк жагында суу убактылуу токтойт

Коом Загрузка... 18 Март 2026 09:52
voda-kran09z0-696x427.webp

Бишкек, 18.03.26. /Кабар/. Бишкектин түштүк жагында 19-мартта суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ага ылайык, саат 09:00дөн 21:00гө чейин турак жай, мектеп, бала бакча, саламаттыкты сактоо мекемелери, социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.

Өчүрүү аймагы Ахунбаев көчөсү - Абай көчөсү - Сүйөркулов көчөсү - Байтик Баатыр көчөсү - Саманчин көчөсү - Масалиев проспектиси - Малдыбаев көчөсүн камтыйт.

Суу Д-300мм суу түтүгүн чыгаруу иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

"Бишкексууканал" ишканасы ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Ошондой эле мэриядан белгилешкендей, “Менин шаарым” тиркемесин жүктөп алып, ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу билдирмелерди билсе болот.