Бишкектин түштүк-батышында 14-апрелде суу өчөт. Даректер

Коом Загрузка... 10 Апрель 2026 17:01
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 10.04.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын түштүк-батыш бөлүгүндө 14-апрелде ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, оңдоо иштерине байланыштуу саат 09:00дөн 24:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык-өндүрүштүк объектилерде суу болбойт.

Өчүрүү аймагы:

  • Л.Толстой көчөсү – Бакаев көчөсү – Алтымышев көчөсү – Жунусалиев көчөсү – Гагарин көчөсү – С. Боронбай көчөсү – Жазыйра көчөсү – Муромская көчөсү – Өмүр көчөсү – Алыкулов көчөсү – Ахунбаев көчөсү – Кырккыз көчөсү – Көк-Жайык көчөсү – Гагарин көчөсү – Торугарт көчөсү.
  • Жумушчулар шаарчасы
  • Дыйканчылык институту
  • Ак-Өргө конушу
  • Ак-Ордо конушу (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы)
  • Теңир-Тоо конушу (Ахунбаев көчөсүнөн төмөн)

Суу берүүнү токтотуу “Гагарин” жана "Юго-Западный" суу топтомолорунда, ошондой эле шаардык суу түтүк тармактарында пландык оңдоо иштерин жүргүзүү зарылдыгына байланыштуу.