Бишкектин эки конушунда 5-мартта суу өчүрүлөт

Коом 382 02 Март 2026 11:25
Скриншот-09-03-2021-094026.png
WhatsApp Image 2026-03-02 at 08.17.19.jpeg
Алдыга
Артка
Скриншот-09-03-2021-094026.png
WhatsApp Image 2026-03-02 at 08.17.19.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 02.03.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы Ала-Тоо 1 жана Ала-Тоо 2 конуштарынын тургундарына суу берүү убактылуу токтотуларын эскертет.

Маалыматка ылайык, 5-мартта ичүүчү суу берүү саат 9:00дөн 21:00гө чейин турак жай, мектеп, бала бакча, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өнөр жай мекемелеринде убактылуу өчүрүлөт.

Бул чара "Ала-Тоо" суу топтомосундагы оңдоо иштерине байланыштуу.

"Бишкексууканал" ишканалар жана тургундарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.