Бишкектин айрым жерлеринде суу убактылуу өчүрүлөт

Коом 1135 29 Март 2026 11:34
voda-kran09z0-696x4.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
WhatsApp Image 2026-03-28 at 16.13.40.jpeg
Алдыга
Артка
voda-kran09z0-696x4.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
WhatsApp Image 2026-03-28 at 16.13.40.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 29.03.26. /Кабар/. Бишкектин айрым жерлеринде 1-апрелде суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул күнү саат 09:00дөн 22:00гө чейин турак жай, мектеп, бала бакча, саламаттыкты сактоо мекемелери жана башка социалдык-өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.

Өчүрүү аймагы:

  • Лермонтов көчөсү – Ауэзов көчөсү – Ш. Баатыр көчөсү – Көлбаев көчөсү, ЖЭБ – Токмок каналы;
  • Аламүдүн кичи району, Куруучулар шаарчасы.

Суу "Кажысай" суу топтомосу жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

"Бишкексууканал" ишканасы ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.