Бишкек, 23.05.25. /Кабар/. Улуттук банк мыйзам талаптарын жана ченемдик укуктук актыларды бузгандыгы үчүн Бишкек шаарында жайгашкан төрт алмашуу бюросуна карата тиешелүү таасир этүү чара көрдү.
Финансылык жөнгө салуучу органдан маалымдашкандай, бул бюролордун ар бирине 55 миң сомдон айып салынган.
Салынган айып пулдун жалпы суммасы 220 миң сомду түзгөн.