Кардиохирургия институтунан чыккан өрт өчүрүлүп, 260 адам эвакуацияланды

Кырсык 11 Февраль 2025 23:58
476833283_1023836939789032_5139177511250362134_n.jpg
477007870_1023836899789036_2907243985260519615_n.jpg
476927131_1023836859789040_3159919023880751446_n.jpg
476802921_1023836973122362_1529670120468213343_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 11.02.25. /Кабар/. Бишкектеги Кардиохирургия илимий-изилдөө институтунан чыккан өрт толук өчүрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, тилсиз жоо саат 22:33тө чектөөгө алынып, саат 23:15те толук өчүрүлдү. Кырсыктан 260 адам коопсуз жайга эвакуацияланды. Алардын 216сы бейтаптар болсо, ал эми 44ү дарыгерлер.

Белгиленгендей, өрт кырсыгын ӨКМ башчысы Бообек Ажикеев өзү жеринде көзөмөлдөдү.

Министр имараттагы абал менен таанышып, дарылануучулардан кабар алды.

Белгилей кетсек, Бишкекте Кардиохирургия илимий-изилдөө институтунун имаратынан өрт чыккан. Тилсиз жоону өчүрүүгө жалпысынан 6 күжүрмөн эсеп, 2 автошаты тартылган.