Бишкектеги үч ири объекттин курулушу көп көйгөйдү жөнгө салат – архитектор

Коом 525 14 Январь 2026 10:23
6966002e3e1d8-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
6966002d77f17-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
6966002c017f0-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
6966002e3e1d8-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
6966002d77f17-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
6966002c017f0-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 14.01.26. /Кабар/. Бишкектеги жаңы батыш автобекетинин, "Ош" базарынын жана Орок айылындагы эл аралык класстагы “Бишкек Арена” стадионунун курулушу борбордогу көп көйгөйдү жөнгө салат. Бул тууралуу КР эмгек сиңирген архитектору Төлөбай Кеңешов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, буга чейин шаардын ичинде жайгашкан автобекет менен "Ош" базары Бишкекте көптөгөн көйгөйлүү маселелерди жараткан.

“Ош" базарынын тегерегинде эл топтолуп, башаламан соода болуп келген. Эми бул базардын шаардын борборунан башка жакка көчүрүлүшү жол тыгынын азайтууга өбөлгө болот. Экинчиден, акыркы жылдары аймактарга кетүүчү жүргүнчүлөрдүн көйгөйү чечилбей, топтолуп келген. Жаңы батыш автобекетинин курулушу да унаа тыгынын азайтуу үчүн стратегиялык мааниге ээ”,- деди Кеңешов.

Эске салсак, күн мурун министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарындагы аталган курулуш объекттерин көрүп чыкты. Мында минкаб төрагасына жалпы узундугу 8,74 чакырымды түзгөн жол тилкелерин куруу долбоору да сунушталды.