Бишкек, 22.09.26. /Кабар/. Учурда Бишкекте таштанды сорттоочу 25 пункт иштеп жатат. Жыл соңуна чейин алардын санын 40ка жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев шаардагы объектилерге уюштурулган пресс-турдун жүрүшүндө билдирди.
Бүгүн мэр шаардын 4-кичи районундагы таштанды сорттоочу пунктка барып, анын иши менен таанышты.