Бишкек, 20.02.26. /Кабар/. Бишкекте шаардагы транспорттук абалды жакшыртуу жана жол тыгындарын азайтуу маселелерине арналган ачык эксперттик жолугушуу болду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анда мэр Айбек Жунушалиев эксперт, шаар тургундары, мамлекеттик органдар жана тармактык уюмдардын өкүлдөрүнүн өз ара аракеттенүүсү үчүн түзүлгөн аянтчада биргелешкен аракеттер менен гана Бишкектеги жол тыгындары маселеси чечилерин белгиледи.
“Бүгүнкү күндө биз биринчи кезекте өз милдеттерибизди аткарууга — жол инфраструктурасын оңдоо жана жаңылоого, акылдуу светофор системасын түзүү жана муниципалитеттин жоопкерчилигине түздөн-түз кирген башка чечимдерди ишке ашырууга багыт алуудабыз. Алгач ушул маселелерди чечебиз. Бишкек шаарынын мэриясы бул багыттагы ишин улантып, ачык диалогго даяр экенин дагы бир жолу билдирет. Мындай иш-чаралар мындан ары да улантылат”, - деп айтты мэр.
Жолугушууда тыгындарды азайтуу боюнча комплекстүү чаралар талкууланып, коомдук уюмдар, блогерлер, транспорт компаниялары жана көз карандысыз эксперттердин сунуштары угулду.
Иш-чарада Айбек Жунушалиев муниципалитетке кар тазалоо иштеринде көрсөткөн жардамы үчүн шаар тургундары Мирлан Жукеевге, ошондой эле мэриянын ишмердүүлүгүн чагылдырууга көмөктөшкөнү үчүн Рашид Браунга ыраазычылык каттарын тапшырды.