Бишкекте Чыгыш айланма жолунун курулушу башталды

Коом 775 23 Декабрь 2025 09:20
1098772215_0_47_899_553_600x0_80_0_0_9c01e0367ea3de497b2dcc4219897106.jpg.webp
1098772270_0_47_899_553_600x0_80_0_0_3fbf1369c1eafe96c4c4acb54cc330e9.jpg.webp
1098772314_0_47_899_553_600x0_80_0_0_31f50c2ded9274832f07dff0823a7cd3.jpg.webp
1098772291_0_47_899_553_1920x0_80_0_0_6170daeeb0bace9d8f87bb11a70b1182.jpg.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 23.12.25. /Кабар/. Бишкекте Чыгыш айланма унаа жолунун курулушу башталды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жаңы транспорттук коридор шаардын чыгыш тарабы аркылуу өтөт. Чыгыш айланма жолунун жалпы узундугу 16 чакырымга жетет. Долбоор беш ири жол алмашуучу жайды, ошондой эле Кант тарабындагы көпүрөнүн курулушун камтыйт.

Чыгыш айланма жолунун долбоору боюнча бир катар көчөлөрдө оңдоо иштери жүрөт:

  • Лев Толстой көчөсү - Ауэзов көчөсүнөн Чыгыш айланма жолуна чейин (5,7 км);
  • Ахунбаев көчөсү - Ауэзов көчөсүнөн Чыгыш айланма жолуна чейин (3 км);
  • Сухэ-Батор көчөсү - Ауэзов көчөсүнөн Чыгыш айланма жолуна чейин (2 км);
  • Жукеев -Пудовкин көчөсү – А. Токомбаев көчөсүнөн Иманалиев көчөсүнө чейин (2,2 км);
  • Иманалиев көчөсү – Жукеев -Пудовкин көчөсүнөн 7-Апрель көчөсүнө чейин (3 км).

Жалпысынан жолдун узундугу 32 чакырымга созулат.

Муниципалитеттен белгилешкендей, мэр Айбек Жунушалиев Жукеев-Пудовкин көчөсүн А. Токомбаев көчөсүнөн Иманалиев көчөсүнө чейин куруу долбоору менен жеринде таанышты.

Курулуш иштерине 100гө жакын атайын техника тартылган.