ЖККУ ПАнын Кеңешинин көчмө жыйыны башталды

Жогорку Кеңеш 2312 19 Май 2025 11:59
498609902_1011936347786254_5717130102500238436_n.jpg
498988685_1011936321119590_1181691414769043429_n.jpg
499472905_1011936324452923_5264744297838202333_n.jpg
Алдыга
Артка
498609902_1011936347786254_5717130102500238436_n.jpg
498988685_1011936321119590_1181691414769043429_n.jpg
499472905_1011936324452923_5264744297838202333_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Кабар

Бишкек, 19.05.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарындагы "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын Кеңешинин жыйыны өтүүдө.

Ага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, ошондой эле Россия, Казакстан, Тажикстан жана Беларустун парламенттеринин жетекчилери катышууда.

Алгач жалпы сүрөткө түшүү аземи болуп, андан соң парламент жетекчилери уюмга мүчө мамлекеттердин аймагындагы коомдук-саясий жана аскердик кырдаалдын туруктуулугун камсыз кылуу, коопсуздукка залакасын тийгизген чакырыктарга менен коркунучтарга каршы аракеттенүү маселелерин талкуулоого өтүштү.

Белгилей кетсек, ЖККУ ПА Кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Бишкекке РФ Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин, Казакстандын Парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов, Тажикстандын Оли Мажлиси намояндагон Мажлисинин төрагасы Файзали Идизода жана Беларустун Улуттук жыйынынын Өкүлдөр палатасынын төрагасы Игорь Сергеенко келген.

Мындан тышкары, байкоочу катары Сербия Скупщинасынын Коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Милован Дрецун катышууда.