Бишкекте жасалма интеллект жана маалыматтардын коопсуздугу талкууланууда

Коом Загрузка... 28 Январь 2026 10:35
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 28.01.26. /Кабар/. Бишкекте персоналдык маалыматтарды коргоонун эл аралык күнүнө карата "Жасалма интеллект доорундагы маалыматтар жана коопсуздук" аталган улуттук форум өтүүдө.

Форум жасалма интеллекттин жана санариптик кызматтардын активдүү өнүгүшү шартында персоналдык маалыматтарды коргоо, санариптик жана маалыматтык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин талкуулоого арналган маанилүү аянтча болууда.

Иш-чараны министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ачып, бүгүнкү күндө мамлекет жарандардын персоналдык маалыматтарын өзгөчө коргоого алышы керектигин билдирди.

"Азыр баардыгын санариптештирип жатканыбыз менен бул маалыматтарды мамлекет өзгөчө коргоого алышы керек. Мени мамлекеттин базасындагы персоналдык маалыматтардын коопсуздук маселеси ойлондурат. Азыр маалыматтарды санариптештирүүдө кулпу салып койгондой абалда коргой албайбыз. Мисалы, ыңгайлуулук үчүн медициналык картага чейин санарип форматка өткөрүп жатабыз, мында коопсуздук жогору болушу зарыл",- деди Байсалов.

Ошондой эле форумга катышкан мамлекеттик органдардын, ишкердик жана IT-сектордун өкүлдөрү, эл аралык эксперттер, жарандык коомдун өкүлдөрү жасалма интеллект доорундагы жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыздоо чаралары боюнча баяндама жасашууда.