Бишкек, 26.02.26. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын июнь-июль айларында Бишкек шаарындагы Маликов көчөсү, 91 дарегинде 1 миң 104 батирдин пайдаланууга берилиши күтүлүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын Сатуулар башкармалыгынын башчысы Кылычбек Келдибеков “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Маалымдалгандай, ага чейин жылдын экинчи кварталы болгон апрель-май айларына Ош шаарында жана Ош облусунун Кара-Суу районунда батирлерди тапшыруу пландалган.
“Ушул жылдын башында эле Бишкектеги Маликов көчөсү, 91 дарегиндеги ипотекалык батирлердин экинчи этабында 1 миң 80 батир берилди. Эми жакынкы батир тапшыруубуз Ош шаарында жана Ош облусунун Кара-Суу районунда болот. Бул жылдын экинчи кварталына пландалгандыктан, апрель-май айларына барып калышы мүмкүн",-деди.
Кылычбек Келдибеков белгилегендей, Бишкек шаары боюнча экинчи чейректин аягында же үчүнчү чейректин башында Маликов көчөсү, 91 дарегиндеги объектинин экинчи этабынын экинчи фазасы бүткөрүлөт.
"Мында 1 миң 104 батирдин берилиши күтүлүүдө. Калгандары кварталдарга бөлүнүп, жыл аягына чейин өлкө боюнча жалпы 20 миңдей батирди тапшырууну көздөп жатабыз", - деп кошумчалады МИКтин өкүлү.
Ошондой эле батирлердин пайдаланууга берилиши курулуш иштеринин жүрүшүнө түздөн-түз көз каранды экени белгиленди.