Бишкекте ыштын деңгээли кыйла азайды – ЖК төрагасы

Жогорку Кеңеш 1648 22 Январь 2026 17:00
898595.e25c8bfac68c.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
602315646_1181526454160575_6744575675666446342_n.jpg
Алдыга
Артка
898595.e25c8bfac68c.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
602315646_1181526454160575_6744575675666446342_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 22.01.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Бурун Аманова парламент жыйынында Бишкектин жаңы конуштарын газдаштыруу маселесин көтөрдү.

Ал белгилегендей, “Газпром” ЖКЧКсы конуштардын жарымын гана газдаштырды. Ошондой эле эл өкүлү ага Баткен облусунун Кадамжай районунун тургундары газ берүү токтоп калганын айтып кайрылышканын кошумчалады.

Өз кезегинде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу билдиргендей, Баткенде газ берүү иштери менен “Газпром” компаниясы эмес, “Кыргызнефтегаз” алектенет.

"Ыш маселеси боюнча айта кетсем, акыркы жылдарды алсак, быйыл биринчи жолу Бишкек жашыл аймакка кирди. Муну баарыбыз көрүп жатабыз. Бийлик бул маселе боюнча иштеп жатат. Шаар жетекчилиги ар кандай ыкмаларды колдонуп, абаны тазалоо үчүн иштеп жатышат. Бул үчүн аларга ыраазычылык билдиришибиз керек. Биз жакшы жагында да айтууну үйрөнүшүбүз керек. Ыш көйгөйү толугу менен чечилди деп айта албайбыз, бирок мурунку жылдарга салыштырмалуу абанын булганышы азайды", - деди төрага.