Бишкекте турак үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү

Кырсык Загрузка... 03 Март 2025 15:20
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 03.03.25. /Кабар/. Бишкекте турак үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Бишкек шаарынын Новопавловка айылында турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 13:12ден тарта 2 күжүрмөн эсеп тартылган.

Өрт саат саат 13:28де чектөөгө алынып, 13:32де толук өчүрүлдү.

Тилсиз жоодон болжол менен үйдүн 100 чарчы метри күйгөн.